БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда 20-декабрда болгон массалык мушташ учурунда каза тапкан бала быйыл үйлөнмөк. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.
Белгилей кетсек, Сузак районуна караштуу Мундуз жана Ак-Баш айылынын 18-20 жаштагы тургундарынын ортосундагы пикир келишпестик мушташка айланган. Натыйжада Мундуз айылынын 20 жаштагы тургуну көкүрөккө бычак жеп жан берген.
Каза болгон баланын апасы Нургүл Жороева Россияда иштейт. Ал окуяны угар замат мекенине кайтып келген.
"Балам Россияда төрт жыл иштеп Кыргызстанга бир ай мурун келген. Ал быйыл үйлөнүүгө камынып жаткан. Баламды өлтүргөн кылмышкер жазасыз калбашы керек", — деди маркумдун апасы.
"Ал баланын жанында жүргөн достору мени жана досторумду кармап алып уруп, машинамды тартып алышты. Ошондон улам ызы-чуу чыгып кетти", — деп шектүү билдирген.
Учурда массалык мушташка катышкан бардык балдар Сузак райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.