Бүгүн таңда Кыргызстанда катары менен эки жолу жер титиреди

© AP Photo / ELAINE THOMPSONСлучаи землетрясение в Кыргызстане
Случаи землетрясение в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчиси Нарын, Жалал-Абадда катталса, экинчиси Жалал-Абадда болгон.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бүгүн таңга жуук Кыргызстанда катары менен эки жолу жер титирегенин ӨКМ Сеймологиялык институтка шилтеме берүү менен билдирди.

Тибет тоолору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: Тибеттеги жер менен мөңгүлөр абанын ысышынан улам көчкөн
Маалыматка ылайык таңкы саат 04:16да Фергана тоо кыркаларынын аймагында очогунда 4-4,5 баллдын тегерегиндеги жер титирөө катталган. Силкинүү Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында 4 балл, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Макмал айылында 4 балл, Ош облусунун Өзгөн районунун Ала-Көл, Таш-Көпүрө айылында 3 балл, Саламалик айылында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн кыйроолор жок.

Ал эми саат 06:43дө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Базар-Коргон айылына 2-3 балл болуп сезилген. 

Белгилей кетсек, 18-декабрда Бишкекте 4 баллга жеткен жер титиреген. Анын очогу Казакстанда жайгашкан болчу.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0