02:14 08 Бештин айы 2016
Түз эфир
Дордой базары убактылуу жабылып, кооптуулуктан улам элди чыгарып жатышат.

Мэрия: "Дордой" базары убактылуу жабылып, элди чыгарып жатышат

© Фото / Расул Мурат
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
"Дордой" базарынын чатыры урады (16)
110720

Кырсыктан үч адам жабыркап, алардын ичинен бир аял оор абалда ооруканага жеткирилди.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. "Дордой" базары убактылуу жабылып, кооптуулуктан улам элди чыгарып жатышат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Эске сала кетсек, бүгүн, 29-ноябрда "Дордой" базарындагы негизги өтмөктүн чатыры кулап, кишилерди басып калган. 

"Учурда Дордой базар толугу менен жабылды. Урап түшкөн чатыр 450 чарчы метрди басып калган. Кырсыктан үч адам жабыркап, бирөөсү шаардык №4 ооруканага жеткирилди", — деп билдирди мэриянын маалымат кызматынын өкүлү.

Жаракат алгандардын үчөөсү тең аялдар.

Тема:
"Дордой" базарынын чатыры урады (16)

Тема боюнча

"Алкан" базарында урап түшкөн чатыр 350 чарчы метр жерди басып калды
Дордой базарынын чатыры кулап, эки киши жабыркады
Белгилер:
тез жардам, "Дордой" базары

ЭҢ МААНИЛҮҮ