Кыргызстандын түштүгүндө кайтадан жер силкинди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүГорода мира. Ош
Города мира. Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусундагы Нура айылында үч балл болгон. Алдын ала маалымат боюнча жабыр тарткандар жана кыйроолор жок.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча жер титирөөнүн очогунда 4 — 4,5 балл болгон.

Жер титирөө Бишкек убактысы боюнча саат 11.06да катталган. Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында болуп, Ош облусунун Нура айылынан 45 чакырым алыстыкта орун алган.

"Нура айылында 3 балл сезилген. Жабыр тарткандар жана кыйроолор жок", — деп ӨКМ билдирди.

Буга чейин да Кыргызстан жана Кытайдын чектешкен аймагында 6,8 баллдык жер титиреген. Анын күчү Кыргызстандын түштүк аймагында дагы сезилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0