Түндө Кыргызстанда жер эки ирет силкинди

Жазылуу
ӨКМ адам өмүрүнө зыян келбегендигин жана материалдык чыгым жоктугун кабарлады.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Түндө Кыргызстандын түштүк аймагында жер эки ирет термелди, саат түнкү бирге чукул 2,5 балл, ал эми экинчи ирет үч балл болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Случаи землетрясение в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Сейсмолог Абдрахматов: келерки жылдары жер титирөө арбыйт
Биринчи ирет термелүү 00 саат 54 мүнөттө Оштон 148 чакырым аралыкта болуп, эпицентри Тажикстанда болуп төрт баллга жеткени аныкталган. Ал эми Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чукул болгон.

Андан эки саат өткөндөн кийин жер титирөө Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында катталып, үч баллга жеткен.

КРдин Сейсмология институту жердин силкинүүсү Кыргыз-Кыштак айылынан түштүк-чыгышты көздөй алты, Алга айылынан түндүк-батышты карай сегиз чакырым, Баткен шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 56 чакырым аралыкта болгонун билдирди.

ӨКМ адам өмүрүнө зыян келбегендигин жана материалдык чыгым жоктугун кабарлады.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0