Төө-Ашуу тоннелиндеги жол кырсыктан эки киши каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековТөө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннель. Архив
Төө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча жүк ташуучу автоунаа төрт жеңил машинаны жөөлөп кеткен.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Төө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннелде ири жол кырсыгы катталып, андан эки киши каза болгонун ӨКМ билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча жүк ташуучу автоунаа төрт жеңил машинаны жөөлөп кеткен. 

"ӨКМдин кызматкерлери, дарыгерлер, милиция жабыр тарткандарды чыгарып, аларга биринчи медициналык жардам берүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Төө-Ашуу ашуусуна коюлган камерадан ири көлөмдө машиналардын кезек күтүп турганын көрүүгө болот. Азыр өтүүгө тыюу салынды.

Кошума маалымат берилерин министрликтен билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0