Жалал-Абадда кызды койдуруп, качып кеткен айдоочу кармалды

© Фото / Nate Steiner / wheel gripАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу алгач кырсыкка эч кандай тиешеси жок экенин айтып, далилдер келтирилгенден кийин мойнуна алууга аргасыз болгон.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районунда 25 жаштагы жаранды коюп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу бир күндөн кийин кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 25-октябрь күнү болжол менен саат кечки сегизде Масадан айылында болгон. 

Электропоезд сбил людей на северо-западе Москвы - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте поезддин алдында калган жигиттин колу-буту жулунуп кетти
Жабыркаган кыз аймактык ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу изин жашырууга үлгүргөн. 

Милициянын аракети менен аталган айдоочу эртеси кармалып, анын Таш-Булак айылынын тургуну экени аныкталган. Алгач кырсыкка эч кандай тиешеси жок экенин айтып, далилдер келтирилгенден кийин мойнуна алууга аргасыз болгон.

Учурда унаа айып короого токтотулуп, териштирүү иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0