Москвада мекендешин карактаган үч кыргызстандык кармалды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүШектүүгө кол кишен кийгизүү. Архив
Шектүүгө кол кишен кийгизүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уурулар жабырлануучуга телефон чалып дагы 70 миң рубль талап кылган. Иликтөөнүн натыйжасында жалал-абаддык үч жаран кармалды.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Москвада мекендешин тоноого шектелип үч кыргызстандык кармалганын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө 25 жаштагы кыргызстандык жаран 18-октябрда арыз менен кайрылган. 

"Арыз ээси 18-октябрга караган түнү азиат улутундагы белгисиз эки адам батир ичине кирип аны сабап, документтери менен 71 миң 810 рублин алып кеткенин билдирген", — деп айтылат маалыматта. 

Уурулар жабырлануучуга телефон чалып дагы 70 миң рубль талап кылган.

"Алынган арыздын негизинде Россиянын кылмыш жаза кодексинин 161-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон. Натыйжада шектүү катары 19, 21 жана 28 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургундары кармалды", — деп ырасталат маалыматта. 

Учурда тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0