БП: мыйзамсыз сыналган дары-дармектен эки бейтап каза болду

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүДары дармектер. Архив
Дары дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатрия борбору аталган дары каражаттарын казак ишканасынан сатып алган. Натыйжада эки адам каза болду.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кургак учукка каршы ФС-1 дарысын мыйзамсыз клиникалык сыноодон өткөрүү эки адамдын өлүмүнө алып келди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Улуттук фтизиатрия борбору "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" мыйзамына каршы тиешелүү аккредитациядан өтпөй туруп, казакстандык мекеме менен келишим түзгөн. Алынган дары каражаттары сыноодон өткөрүлмөк.

"Натыйжада ФС-1 дарысы кургак учук менен жабыркаган бейтаптарга берилип, сыноодон өткөн. Каражаттар иш-чарага катышкан 54 бейтаптын 10унун башка оорусун козгоп чыкса, дагы эки киши каза болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Дарыгер операция убагындагы архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Дерматолог: биттен арылтам деп энеси баласын өлтүрүп алган
Башкы прокуратура Улуттук фтизиатрия борбору менен Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин жетекчилигине кылмыш ишин козгоду. Аларга Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренесинин (документтерди жасалмалоо) негизинде айып тагылууда.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0