Бишкектин чок ортосу бир сааттай жарыксыз калды

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүЭкологическая акция "Час Земли"
Экологическая акция Час Земли - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Центральная – 6" көмөк чордонунан тараган фидерлердин (камсыздоочу линия) бири авариялык түрдө өчкөн.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Фидердеги көйгөйдөн улам Бишкек шаарынын чок ортосу бир сааттай жарыксыз калды.

Бөлүштүрүүчү компаниянын маалыматына ылайык, "Центральная – 6" көмөк чордонунан тараган фидерлердин (камсыздоочу линия) бирөө авариялык түрдө өчкөн. 

"Тоголок Молдо, Киев, Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварынын аймагы жарыксыз калган", — деп "Түндүкэлектр" ААКтын маалымат кызматы билдирди.

Учурда оңдоо иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0