Ошто өспүрүмдөрдү коркутуп акча доолаган 19 жаштагы кыз кармалды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКамакка алынган кыз. Архивдик сүрөт
Камакка алынган кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери башталып, кармалган кыздын башка кылмыштарга тиешелүүлүгү текшерилип жатат.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Өспүрүмдөрдү коркутуп, акча доолаган 19 жаштагы кыз кармалганын Ош ШИИБдин маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыков аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдарына Кара-Суу районунун 53 жаштагы тургуну кайрылган. Анда 17 жаштагы кызынан белгисиз кыздар Курманжан датка көчөсүнөн кармап алып, коркутуу менен 4 миң сом акча талап кылышкан.

"Аталган суммадагы акчаны алып жатканда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан кылмышка шектүү катары калаанын 19 жаштагы тургуну кармалды", — деди Сыдыков.

Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери башталып, кармалган кыздын башка кылмыштарга тиешелүүлүгү текшерилип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0