КР жараны башында турган топ Алматыда АКШдагыдай теракт жасоого аракеттенген

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКонуп жаткан учак. Архив
Конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын атайын кызматы аскер бөлүгүнө кол салып, эл көп чогулган жерде теракт жасоого аракет кылган террорчуларды кармашты. Алар ошондой эле Талды-Коргондогу аэропорттон учакты уурдап кетүүнү көздөшкөн.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстандык жаран башында турган радикалдык топ учакты уурдап, 2001-жылдын 11-сентябрындагыдай коомчулуктун үшүн алган террордук аракеттерди жасоону пландап жүргөнүн "Новости Казакстан" маалымат агенттиги өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетине шилтеме берүү менен билдирди.

Жарылуу болгон жердеги милиция кызматкерлери. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Кытай элчилигиндеги жардырууну уюштургандар жазаланарын убадалады
Маалыматка ылайык, Алматы облусундагы радикалдык топтор Чек ара кызматынын жана Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнө, өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине жана Казакстандын Дин башкармалыгынын өкүлдөрүнө кол салууга камданышкан. 

Кыргызстандын жараны жана буга чейин жасаган кылмышы үчүн соттолгон эки казакстандык 18-августта кармалган.

"Алар жыйындарынын биринде Кыргызстандын жаранын башчы кылып шайлап, калган мүчөлөрү башка орундарды өз ара бөлүштүрүп алышкан. Ошондой эле топ мүчөлөрүнүн бири жан кечтилик аракетке да даяр экенин билдирген", — деп айтылат билдирүүдө.

Автомат. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКК: Алматыда теракт жасоого белсенген топ кармалды. Арасында кыргызстандыктар бар
Дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруу үчүн алар эл көп чогулган жерде жардыруу уюштурууга ниеттенишкен. Андан сырткары, Талды-Коргон аэропортунда чалгындоо иштерин жүргүзүп, 2001-жылы 11-сентябрда АКШда болгон террордук аракеттер сыяктуу жардыруу уюштуруу үчүн учакты айдай качууну да пландашкан.

Алар ар бир жардыруу аракеттеринин алдында чакан видео ролик тартип, эмне себептен мындай кадамга барганын жаздырып, аны интернетке жарыялашмак.

Курал-жаракты сатып алуу үчүн алар дыйкандар менен чакан насыя уюмдарынын башчыларын тоноону да пландашкан. Тинтүү учурунда колго жасалуучу жардыруучу затка колдонулуучу химиялык элементтер, курал жана экстремисттик адабияттар алынган. Учурда алардын үстүнөн тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0