Жарылууга эмне себептен Кытай элчилиги туш болду? Эксперттердин пикири

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Кытай элчилигинде жарылуу
Бишкектеги Кытай элчилигинде жарылуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттер бүгүн эртең менен Кытай элчилигинин ичинде болгон жардырууга Чыгыш Түркстандын эркиндиги үчүн кыймыл, Чыгыш Түркстандагы Ислам кыймылы сыяктуу террордук топтордун тиешеси бар экенин айтышты.
УКМКнын отставкадагы генералы, "Альфа-антитеррор"; коомдук уюмунун төрагасы Артур Медетбеков

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Шейшемби күнү эртең менен Бишкектеги Кытай элчилигинде жарылуу болду. Жан кечти автоунаа менен элчиликтин дарбазасын сүзүп, жарылып кеткен. Анын кесепетинен жан кечти каза таап, Кыргызстандын үч жараны жаракат алган.

Жыландын башы каякта 

УКМКнын ардагери, коопсуздук маселелери боюнча эксперт, атайын кызматтын отставкадагы полковниги Талант Разаковдун айтымында, Кытай элчилигинде болгон жардырууда саясый боёктор бар. 

© Фото / предоставлено Талантом РазаковымУКМКнын ардагери, коопсуздук маселелери боюнча эксперт, атайын кызматтын отставкадагы полковниги Талант Разаков
Ветеран ГКНБ, эксперт по проблемам безопасности, полковник спецслужб в отставке Талант Разаков - Sputnik Кыргызстан
УКМКнын ардагери, коопсуздук маселелери боюнча эксперт, атайын кызматтын отставкадагы полковниги Талант Разаков

"Террорчулар бир нече максатты бутага алат — өлкө тургундарын Эгемендүүлүк күнүнүн алдында коркутуу, Кыргызстан менен Кытайдын мамилесине доо кетирүү жана КМШнын ичинде туруксуздукту жаратуу", — дейт эксперт.

Ал ошондой эле терактыны дүйнө жүзүндө өз ишмердигин жүргүзүп жаткан уйгур сепаратисттери уюштурушу мүмкүндүгүн да айтты.

© REUTERS / Vladimir PirogovШейшемби күнү эртең менен Бишкектеги Кытай элчилигинде жарылуу болду
Шейшемби күнү эртең менен Бишкектеги Кытай элчилигинде жарылуу болду - Sputnik Кыргызстан
1/3
Шейшемби күнү эртең менен Бишкектеги Кытай элчилигинде жарылуу болду
© Sputnik / Табылды КадырбековЖан кечти автоунаа менен элчиликтин дарбазасын сүзүп, жарылып кеткен
Жан кечти автоунаа менен элчиликтин дарбазасын сүзүп, жарылып кеткен - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жан кечти автоунаа менен элчиликтин дарбазасын сүзүп, жарылып кеткен
© Sputnik / Табылды КадырбековАнын кесепетинен жан кечти каза таап, Кыргызстандын үч жараны жаракат алган
Анын кесепетинен жан кечти каза таап, Кыргызстандын үч жараны жаракат алган - Sputnik Кыргызстан
3/3
Анын кесепетинен жан кечти каза таап, Кыргызстандын үч жараны жаракат алган
1/3
Шейшемби күнү эртең менен Бишкектеги Кытай элчилигинде жарылуу болду
2/3
Жан кечти автоунаа менен элчиликтин дарбазасын сүзүп, жарылып кеткен
3/3
Анын кесепетинен жан кечти каза таап, Кыргызстандын үч жараны жаракат алган

"Муну акыркы учурда Кытайга каршы чыгып жаткан "Ислам мамлекети" террордук тобунун жактоочулары да жасашы мүмкүн деген версия бар. Бирок мен бул ишти Чыгыш Түркстандын эркиндиги (Шарки Озадлыг Түркстан) жана Чыгыш Түркстандагы Ислам кыймылы үчүн күрөшүп келген террористтер кылды деп айткым келет", — дейт Разаков.

Эксперт жогорудагы кыймылдын жактоочулары Кыргызстан менен Казакстанда бир нече терактыларды жасап, адамдарды уурдап жана башка криминалдык сепаратисттик мүнөздөгү аракеттерди жасап келгенин кошумчалады.

Бишкектеги Кытай элчилигинин имараты жардыруудан кийин - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Кытай элчилигинин имараты жардыруудан кийин
"Алар автоунааларды жардырып, рэкет жана башка кылмыштарды жасашкан. Алардын көбүнүн бети ачылып, айрымдары соттолсо, кээси атайын операция учурунда жок кылынган. Атайын кызматтар бул багытта тыкыр иштеп жатат. Өзгөчө Эгемендүүлүк күнү, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, КМШ мамлекет башчыларынын саммити учурунда коопсуздук чаралары жогорку деңгээлде талкуулап, Кыргызстан керектүү болгон бардык чараларды көрөт", — деди ал.

Разаков ошондой эле жергиликтүү уйгур калкынын (60 миң киши) кыргыз бийлигине көз карашы түз экенин белгиледи. Ошол эле учурда эксперт алардын катарында сепаратисттердин көз карашын колдогондор дагы жок эмес экенин айтат.

"Кыргызстанда уйгур улутундагы көптөгөн кытай жарандары бар. Алар көбүнчө соода тармагында иштейт. Арасында радикалдык көз карашта болгондору да жок эмес. Анан калса алардын айрымдары сепаратисттердин каржы булагы болуп келет", — дейт Разаков.

Өлкөнүн атайын кызматы Кыргызстанга коркунуч жарата турган бардык багыт боюнча чараларды күчөтүү керектигин айтты. Ошондой эле күч түзүмдөрүнөн сырткары терактынын алдын алууга элди дагы даярдоо керектигин билдирип, өзгөчө кырдаалдар учурунда эмнелерди кылуу керектигин, коопсуздук чараларын түшүндүрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Кытайлык уйгурлардын изи

УКМКнын отставкадагы генералы, "Альфа-антитеррор" коомдук уюмунун төрагасы Артур Медетбеков бул терактыны ири террордук уюмдарга мүчө болуп жүргөн Шарки Озадлыг Түркстан уюмунун мүчөлөрү жасады деген пикирин билдирди. 

Бишкектеги Кытай элчилигинин ичинде жарылу - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Кытай элчилигинин ичиндеги жарылуу сүрөттө
"Кытайдын аткаминерлерине Шарки Озадлыг Түркстан же кыскартып айтканда ШАТ деп аталган уйгурлардын өзүнчө бир чоң эстремисттик-сепаратисттик уюму дайыма каршы туруп келген. Учурда алардын сепаратисттик-экстремисттик идеялары дагы деле Кытайга каршы багыттаган учурлары кездешип жатат. Бишкектеги Кытай элчилигиндеги бүгүнкү террордук актыны Шарки Озадлык Түркстандын мүчөлөрү жасады десем, аша чапкандык болбойт. Себеби алардын багыты, иштеген кыймылы окшошуп турат", — деди эксперт Медетбеков.

Анын айтымында, ШАТтын Афганистанда негизги базасы болуп Түркстан ислам кыймылы эсептелинет, кийин ал Аль¬-Каида, бүгүнкү күндө "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулуп кеткен. 

Медетбеков КРде иштеген Кытайдын мамлекеттик кызматкерлерге кол салуу биринчи ирет жасалып жатпагандыгын айтты.

"Кытайдын КРде иштеген жарандарына, мамлекеттик кызматкерлерине буга чейин бир нече жолу террордук актылар жасалган. 2002-жылы Кытай консулун атып кетишкен. Андан сырткары, башкы кызматындагыларына да кол салуулар болгон", — деди Медетбеков.

Эксперт КРде уйгур улутундагы кытай жарандары соодагерчилик менен шугулданарын айтып, бирок кээсинин экстремисттик-сепаратисттик идеялар менен көзгө түшүп калган учурларына токтолду.

"Ошолордун арасынан дагы бир нече жаран экстремисттик-сепаратисттик идеяларынан улам кармалып, Кытай мамлекетине берилген", — деп эскерди Медетбеков.

УКМКнын генералы бүгүнкү окуя укук коргоо органдарынан тарта коомчулук, эл үчүн ойлонто турган көрүнүш экендигин белгиледи. 

Мындан тышкары, эксперт азыркы окуялар, анын ичинде бүгүнкү жардыруу дүрбөлөңдүү ойлорду пайда кылышы мүмкүн экенин айтып, мындан биринчи кезекте укук коргоо органдары, коомчулук, жарандар абдан чоң сабак алышы керектигин кошумчалады.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан элинин ассамблеясынын жетекчиси Токон Мамытов
Бывший вице-премьер Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан элинин ассамблеясынын жетекчиси Токон Мамытов

Стратегиялык ката

Буга чейин КРдин күч түзүмү боюнча вице-премьер болгон, учурда Кыргызстан элинин ассамблеясынын жетекчиси Токон Мамытов терактыны ким жасаганы анчалык маанилүү эместигин айтат. Башкысы жарылуу болду, анын кесепетин эмес, эми алдын алуу керектигин билдирди.

"Бардык мамлекеттер жана өкмөттөр стратегиялык ката кетиришти. Терроризмге каршы туруу үчүн жаңы стратегияны кабыл алуу зарыл. Окуя болгондон кийин көрүлчү бир топ аракеттер азыр эч кандай жыйынтык бербей калды. Муну менен бирге окуя болгондо көрүлө турчу система дагы эскирди. Комплекстүү чараларды көрүп, биргеликте аракеттенгенде гана аны менен чындап күрөшүүгө болот", — дейт Мамытов.

Ал ошондой эле ар бир кыргызстандык, мамлекеттик түзүмдөр бардыгына даяр болушу керектигин белгиледи.

Кытай элчилигинде болгон жарылуу: жеринен тартылган тасма жана күбөлөрдүн пикири - Sputnik Кыргызстан
Кытай элчилигиндеги жарылуу: жеринен тартылган тасма жана күбөлөрдүн пикири
"Биз ар бир саатта болуп кете турчу абалга даяр болушубуз керек. Дүйнө өзгөрдү, аны менен чогуу биз дагы өзгөрүшүбүз керек. Бала бакчада, мектепте, үйдө теракт учурунда кандай аракеттерди көрүүнү түшүндүрүшүбүз керек. Күч түзүмдөрү алардын алдын алышы кажет. Саясат таануучулар, эксперттер жана окумуштуулар стратегиялык мүнөздөгү комплекстүү чараларды иштеп чыгышы зарыл. Бир гана комплекстүү аракеттерди көрүү менен биз коопсуздукту сактай алабыз", — дейт эксперт.

Анын айтымында, террорчулар Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын майрамдоо алдында кыргызстандыктарды коркутууну максат кылган. Ошол эле учурда Мамытов 31-августка пландалган иш-чараларды кыскартып же жоюп салуу боюнча айтылып жаткан сунуштарга каршы экенин билдирди.

"Кыргызстандыктар коркпошу керек, бир нерсени жоюу менен биз террорчулардын көздөгөнүнө жол ачып берип коёбуз. Парад менен майрам болушу керек, ошол эле учурда коопсуздук чараларына да түшүнүү менен мамиле кылуу зарыл", — деди Мамытов.

Ал андан сырткары Улуу Ата Мекендик согуш учурунда фашисттер Москвага чейин жакындап келгенде дагы Октябрь революциясына арналган майрамдык парад өткөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0