Бычакташа кеткен милиционерлердин бири ооруканага жатса, экинчиси камакка алынды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБычак кармаган адам. Архив
Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кесиптештер эс алып келе жатканда түшүнбөстүктөн улам мушташа кеткен.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бишкекте Биринчи Май райондук күзөт кызматынын кызматкерлери бычакташа кетип, бири ооруканага жатса, экинчиси камакка алынганын ИИМ билдирди.

Кайгуул кызматынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күбө Кайгуул милициясынын унаасы кырсыкка кабылганын айтты, ИИБ аны четке кагууда
Маалыматка ылайык, кечээ, 28-август күнү аталган милиционерлер жумуштан кийин Комсомол көлүндө эс алып, саат 20.20да күзөт бөлүмүнүн жатаканасына келишкен. Жолдо келе жатып кесиптештер арасында түшүнбөстүк жаралып, ал мушташка айланып кеткен.

Уруштан бир милиция кызматкери үч ирет бычак жеп, Улуттук хирургиялык борборго жаткырылды.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 23-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды. 

Окуяга юридикалык баа берүү үчүн иш прокуратурага жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0