Кыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди

Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыр тарткандар жана каза болгондор жок.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Бүгүн, 11-августта саат 02:23дө кыргыз-өзбек чек арасында 3 баллга жеткен жер титирөө болгонун ӨКМ кабарлады. 

Эмне үчүн жер титирөөлөр болот
Сейсмология институтунун алдын ала берген маалыматына караганда, силкинүүнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы аймакта, Избаскан айылынан түштүктү карай 3 чакырым, Бүргөндү айылынан түштүк-чыгышты карай 5 чакырым, Кочкор-Ата шаарынан түндүккө карай 15 чакырым, Шамалды-Сай шаарынан түштүк- чыгышты карай 25 чакырым аралыкта жайгашкан. 

Жер титирөөнүн күчү Бүргөндү жана Избаскан айыл аймагында 3 баллга жетти. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыр тарткандар жана каза болгондор жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0