Бишкек — Ош унаа жолунда үч машина кагышып, бир адам набыт болду

Жазылуу
Окуядан дагы төрт киши оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 57-чакырымында үч унаа кагышып, бир адам каза болгонун ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 4-август күнү таңкы саат 05:00дө болгон. 

"Кырсык кесепетинен бир адам каза болгон. Мындан сырктары, төрт адам оор жаракат алган", — деп айтылат маалыматта. 

Куткаруучулар каза болгон жарандын денесин унаадан чыгарып, ИИМге өткөрүп беришкен. Ал эми жабырлануучулар ооруканага жеткирилишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0