Стамбулга чоочун паспорт менен учууга аракеттенген кыз кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз Республикасынын жаранынын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Манас" аэропортунун көзөмөл өткөрүү жайынан 1996-жылы туулган кыз башка бирөөнүн документин көрсөткөн.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бүгүн таңда Стамбулга учуп жаткан аба каттамдан чоочун бирөөнүн паспорту менен кетүүгө камданган 20 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

"Бишкек – Стамбул багыты аркылуу уча турган жарандардын документин текшерип жатканда "Манас" аэропортунун көзөмөл өткөрүү жайынан 1996-жылы туулган кыз чоочун паспортту көрсөткөн", — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү кагаздар толтурулгандан кийин кыз Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0