Россиялык туристтерди карактоого шектелип мурунку милиционерлер кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин баш кийими. Архив
Милиция кызматкеринин баш кийими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ишти премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жеке көзөмөлүнө алган. Андан бери эки күн өттү.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Ысык-Көлгө бараткан жолдо россиялык туристтерди тоноого шектелип мурунку милиция кызматкерлери кармалганын Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдары билдирди.

Буга чейин Дмитрий жана Ирина Ребровдордун үй-бүлөсү милицияга кайрылып, Токмоктун жанындагы айланма жолдон өздөрүн милиция кызматкерлери деп тааныштырган жарандар карактап кеткенин айтышкан. Окуя 4-июль күнү болгон. Жубайлар майып баласын Ысык-Көлгө дарылоо үчүн алып келе жатышкан.

"Эки шектүү киши кармалып, алардын буга чейин укук коргоо органдарында иштеп келгени аныкталды. Калган маалымат тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачыкка чыгарылбайт", — деди булак. 

Бул маалыматты ИИМ басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев тастыктап, Facebook   баракчасына "россиялык туристтерди карактагандар кармалды" деп жазды.

Аталган окуяны премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев жана Чүй ОИИБ жетекчиси Капар Батырканов жеке көзөмөлүнө алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0