Кечээтен бери Кыргызстанда жер 7 жолу титиреди

© Sputnik / Игорь Носов / Медиабанкка өтүүСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төртөөнүн очогу Тажикстанда жайгашып, күчү 3-4,5 баллга жетсе, үчөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында катталган.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде жети ирет жер титирегенин, акыркысы бүгүн саат 8.32де катталганын ӨКМ билдирди.

Япониядагы жер титирөөдөн 361 тарыхый-маданий жай жабыркаган
Маалыматка ылайык, силкинүүлөр кечки саат 5.17ден тарта башталды. Төртөөнүн очогу Тажикстандын аймагында жайгашып, Алай районунун Бор-Дөбө, Нура айылдарында 3-4,5 баллга чейин жеткен. 

Ал эми үчөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында Тажикстан менен Кытайга чектеш жерде болгон. Мындан улам Ош облусунда 4-6, Баткенде 3-5 баллдык болуп сезилди.

Алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар катталган эмес.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik инфографикасынан окуңуз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0