Бакай-Ата районундагы Талас — Тараз — Суусамыр жолу катуу кирген суудан улам жабылды

© Фото / Эльмира СуйутбековаПоследствия проливного в селе Ак-Добо в районе Бакай-Ата Таласской области.
Последствия проливного в селе Ак-Добо в районе Бакай-Ата Таласской области. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Райондун жарандык коргоо кызматына Кызыл-Сай – Суусамыр жолундагы көпүрө кирген суудан улам коркунучта экени тууралуу билдирүү түшкөн.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы Талас — Тараз — Суусамыр кан жолундагы көпүрө катуу кирген суудан улам жабылганын ӨКМдин Бакай районунундагы бөлүм башчысы Кочкорбек Качыбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Фото / Эльмира СуйутбековаТалас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы Талас — Тараз — Суусамыр кан жолундагы көпүрө катуу кирген суудан улам жабылган.
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы Талас — Тараз — Суусамыр кан жолундагы көпүрө катуу кирген суудан улам жабылган. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы Талас — Тараз — Суусамыр кан жолундагы көпүрө катуу кирген суудан улам жабылган.
© Фото / Эльмира СуйутбековаКызыл-Сай – Суусамыр жолундагы көпүрөнү кирген суу алып кетүү коркунучу бар.
Кызыл-Сай – Суусамыр жолундагы көпүрөнү кирген суу алып кетүү коркунучу бар. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Кызыл-Сай – Суусамыр жолундагы көпүрөнү кирген суу алып кетүү коркунучу бар.
© Фото / Эльмира СуйутбековаУчурда суунун көлөмү 75 куб метрге жеткен, буга чейин ал 25-30 куб метрди гана түзүп келген.
Учурда суунун көлөмү 75 куб метрге жеткен, буга чейин ал 25-30 куб метрди гана түзүп келген. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Учурда суунун көлөмү 75 куб метрге жеткен, буга чейин ал 25-30 куб метрди гана түзүп келген.
1/3
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы Талас — Тараз — Суусамыр кан жолундагы көпүрө катуу кирген суудан улам жабылган.
2/3
Кызыл-Сай – Суусамыр жолундагы көпүрөнү кирген суу алып кетүү коркунучу бар.
3/3
Учурда суунун көлөмү 75 куб метрге жеткен, буга чейин ал 25-30 куб метрди гана түзүп келген.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Сай – Суусамыр жолундагы көпүрөнү кирген суу алып кетүү коркунучу тууралуу билдирүү түшкөн. 

"Райондун жарандык коргоо кызматы келип, алдын алуу иштерин жүргүздүк. Бирок суу катуу киргендиктен жээкти бекемдөө аракеттеринен майнап чыккан жок, суунун агымы аны улам алып кетип жатты. Көпүрөнүн жанында кошумча лоток бар болчу, суунун көлөмүн азайтуу үчүн аны ачууга туура келди. Көпүрөнү тиреп турган бир түркүк кыйшайып калган. Ошентсе да көпүрөгө коркунуч жок", — дейт ал.

Учурда суунун көлөмү 75 куб метрге жеткен, буга чейин ал 25-30 куб метрди гана түзүп келген. 

Балыктар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тоң районундагы сел көлмөдөгү балыктарды агызып кетти
Качыбеков мындай катуу кирген суунун агымы 1995-жылы катталганын белгиледи.

Белгилей кетсек, акыркы жумада нөшөрлөп жааган жаандан улам Кыргызстандын бир катар аймактарында дарыялар нугунан чыгып, Нарын, Ысык-Көл облустарында сел жүргөн. Учурда жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча ӨКМ керектүү аракеттерди көрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0