Ат-Башыда нөшөрлөгөн жаандан жүргөн сел көпүрөнү алып, кооптуулук жаратты

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия селевого потока в Ат-Башинском районе Нарынской области
Последствия селевого потока в Ат-Башинском районе Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Райондук жарандык коргонуу комиссиялары координациялоо жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районунда 14-июнда саат 18:30дан 22:30га чейин тынымсыз жааган катуу жамгырдын жана тоодон агып келген агын суулардын кесепетинен райондо сел жүрүү коркунучу жогорулаганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Баш-Кайыңды айылында түнкү саат 22:30да "Кайыңды" суусундагы көпүрөнү толугу менен суу алып кеткен. Ошондой эле 600 метрлик дамбанын 50 метрге чукул жерин суу алып кетүү коркунучу бар. Аны алып кетсе 50-60 турак жайды суу капташы мүмкүн. 

© Фото / пресс-служба МЧС КРНарын облусунун Ат-Башы районунда 14-июнда саат 18:30дан 22:30га чейин тынымсыз жааган катуу жамгырдын жана тоодон агып келген агын суулардын кесепетинен райондо сел жүрүү коркунучу жогорулаган.
Нарын облусунун Ат-Башы районунда 14-июнда саат 18:30дан 22:30га чейин тынымсыз жааган катуу жамгырдын жана тоодон агып келген агын суулардын кесепетинен райондо сел жүрүү коркунучу жогорулаган. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Нарын облусунун Ат-Башы районунда 14-июнда саат 18:30дан 22:30га чейин тынымсыз жааган катуу жамгырдын жана тоодон агып келген агын суулардын кесепетинен райондо сел жүрүү коркунучу жогорулаган.
© Фото / пресс-служба МЧС КРБаш-Кайыңды айылында түнкү саат 22:30да "Кайыңды" суусундагы көпүрөнү толугу менен суу алып кеткен.
Баш-Кайыңды айылында түнкү саат 22:30да Кайыңды суусундагы көпүрөнү толугу менен суу алып кеткен. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Баш-Кайыңды айылында түнкү саат 22:30да "Кайыңды" суусундагы көпүрөнү толугу менен суу алып кеткен.
1/2
Нарын облусунун Ат-Башы районунда 14-июнда саат 18:30дан 22:30га чейин тынымсыз жааган катуу жамгырдын жана тоодон агып келген агын суулардын кесепетинен райондо сел жүрүү коркунучу жогорулаган.
2/2
Баш-Кайыңды айылында түнкү саат 22:30да "Кайыңды" суусундагы көпүрөнү толугу менен суу алып кеткен.

Мындан тышкары, Ат-Башы — Босого автожолунун 20-чакырымынан 38-чакырымына чейинки аймактарынын 12 жеринен суу жеп кетүү коркунучу пайда болгон.

Кадамжайдагы селдин кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түштүктө болгон кырсыктардын кесепетин жоюуга 700 млн. сом бөлүндү
Нөшөрлөгөн жаандан улам Талды-Суу, Ат-Башы айыл аймактарындагы сайдагы суунун деңгээди көтөрүлүп, жолду, көпүрөнү алып кетүү коркунучу жаралган.

Ат-Башы суусунун жээгиндеги дамбаны көзөмөлдөө жана жарандардын сууга түшүп кетүүсүнүн алдын алуу максатында айылдык ыктыярдуу төрт куткаруучу кезметке коюлду. 

Райондук жарандык коргонуу комиссиялары координациялоо жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүшүүдө. 

Бул абалды өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жеке көзөмөлүнө алып, ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан түзүлгөн ыкчам топту абалды жеринен тактоо үчүн жөнөттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0