Нарындагы катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековНарын областындагы айыл жашоочусу. Архив
Нарын областындагы айыл жашоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Нарын шаары менен Ат-башы районунда катуу шамал болду.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Нарында болгон катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. 

Ылдамдыгы секундасына 17-18 метрге жеткен шамал Нарын шаарында 16-май күнү саат 15.40 чамасында катталган. Натыйжада эки үйдүн чатыры учуп кеткен.

Нөшөрлөгөн жаан жана сел суусу. Талас облусу жаратылыш кырсыгынан жабыркады
Шамалдан улам жалпы 190 метр квадрат аянттагы чатырлар жараксыз болуп калган. 

Ал эми Ат-Башы районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-27 метрди түзгөн. Анын кесепетинен 19 жер үйдүн 500 шифери, бир мектептин жана беш социалдык объектинин чатырлары жараксыз болуп калган. 

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу комиссиясы чыгымдардын көлөмүн эсептеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0