Түндө бычакталган үч аялдын бири кол салган кишинин болочоктогу колуктусу болгон

© пресс-служба ГУВДОкуя болгон жерде табылган бычак.
Окуя болгон жерде табылган бычак. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул түнү өлтүрүлгөн үй-бүлөнүн коңшулары кылмышка шектүү деп кармалган жаран буга чейин бычакталган кыздардын бирине көп келип жүргөнүн айтышты.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Түндө Бишкекте өз үйүнөн өлтүрүлгөн кыздардын бири кылмышка шектелип кармалган жарандын болочок колуктусу болгонун үй-бүлөнүн коңшулары билдиришти.

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Балтада иниси агасын бычактап өлтүрдү
Эскерте кетсек, жумага караган түнү Аламүдүн базарынын жанындагы Төрөкул Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде 41 жаштагы аял 19 жаштагы сиңдиси жана кызы менен бычакталган. Кылмыштын изи сууй электе окуяга шектүү катары Нарын облусунун 34 жаштагы тургуну кармалган.

Үй-бүлөнүн коңшулары кармалган жаран буга чейин бычакталган кыздардын бирине көп келип жүргөнүн айтышты.

"Биздин угушубузча, алар үйлөнөбүз деп жүрүшкөн", — деди жергиликтүү тургундардын бири.

Бишкек ШИИБ аталган версия боюнча да иш жүрүп жатканын тастыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0