Түндө Бишкекте аялды кызы жана сиңдиси менен өлтүрүп кетишти
Түндө Бишкекте аялды кызы жана сиңдиси менен өлтүрүп кетишти
Sputnik Кыргызстан
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе окуяга шектүү катары Нарын облусунун 34 жаштагы тургунун колго түшүрүшкөн. 29.04.2016, Sputnik Кыргызстан
Окуя болгон жерге келген Свердлов РИИБ кызматкерлери 41 жаштагы аял, анын 19 жаштагы сиңдиси менен кызынын жансыз денелери табылган.
Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу билдирүү милицияга түнкү саат 01.20да түшкөн. Окуя болгон жерге келген Свердлов РИИБ кызматкерлери 41 жаштагы аял, анын 19 жаштагы сиңдиси менен кызынын жансыз денелери табылган.
Алдын ала маалымат боюнча мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдар Жалал-Абад облусунун тургундары болгон.
Укук коргоо кызматкерлеринин аракетинин натыйжасында Чоң Чүй каналынын жанындагы Осмонкулов көчөсүнөн кылмышка шектүү жаран кармалган. Териштирүү учурунда 34 жаштагы жаран Нарын облусунун тургуну экени аныкталып, колунда кандын тактары аныкталган. Мындан тышкары, окуя болгон жерден далил катары кан болгон кийим жана дагы бир бычак алынган.
Учурда бул факт боюнча сот-медициналык жана биологиялык экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.