Бишкек милициясы үч аялды өлтүрүүгө шектелген жарандын сүрөтүн жарыялады

© пресс-служба ГУВДҮч аялды өлтүрүүгө шектелген жарандын сүрөтү
Үч аялды өлтүрүүгө шектелген жарандын сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектелген жаран каза болгон кыздардын бирөөнө болочоктогу күйөө бала катары келип жүргөн.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкек ШИИБ үч аялды өлтүрүүгө шектелген жарандын сүрөтүн өзүнүн расмий сайтына жарыялады.

Түндө бычакталган үч аялдын бири кол салган кишинин болочоктогу колуктусу болгон
Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы Төрөкул Айтматов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде үч аял — 41 жаштагы аял, анын кызы (жашы такталууда) жана 19 жаштагы кыз өлтүрүлгөн. Милиция изи сууй электе шектүү киши деп Нарын облусунун 34 жаштагы тургунун кармады.

Окуя болгон үйдүн айланасында жашаган кошуналары шектүү жаран каза болгон кыздардын бирөөнө келип жүргөнүн айтышат.

"Алар үйлөнөт экен деп укканбыз", — деп жергиликтүү тургундар айтышат.

Шаардык милиция бул версияны да карап жатканын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0