БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Энесай" жаңы конушундагы №21 мектептин короосуна катуу ылдамдыкта келе жаткан машина кирип кетип, бир окуучуну тебелеп кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автомашина 2-класстын окуучусун коюп кеткен. Ал окуя болгон жерде каза болгон.
"Айдоочу мас абалында болгон. Ал балдар ойноп аткан мектептин аянтчасына кирип кеткен", — деп ШИИБден маалымдашты.
Кошуналардын айтымында каза болгон 8 жаштагы бала үй-бүлөнүн жалгыз баласы болгон.
Анын апасы уулун төрөгөндөн кийин ооруп. Бир бөйрөгүн алдырган.
Жол кырсыгынын чоо-жайы иликтенүүдө. Керектүү экспертизалар дайындалган.