Бишкектеги атышуу: окуянын чоо-жайы, патрулдук милицияга коюлган доомат

Жазылуу
Шейшемби күнү кечинде Бишкектин чок ортосунда атышуу болуп, бир киши жаракат алган.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Шаардык милициянын маалымат кызматы кечээ кечинде болгон атышуунун чоо-жайын жана шектүүлөр эмнеге дароо кармалбаганы боюнча суроолорго жооп берди.

Шейшемби күнү кечинде Бишкектин Чүй жана Курманжан датка (мурдагы Алматы) көчөлөрүнүн кесилишинде атышуу болуп, бир киши жаракат алган. Анда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өз маселелерин "чечишкен" деп айтылган болчу.

Атышуунун чоо-жайы

Кечки саат 19.04тө милицияга Азамат аттуу жаран телефон чалып, көчөлөрдүн кесилишинде атышуу болгонун билдирген.

Саат 19.05те окуя болгон жерге патрулдук милициянын кызматкерлери жиберилген.

Милициянын айтымында, алар 4 мүнөттөн кийин окуя болгон жерге барып, күбөлөрдү суракка алышкан.

Кайгуул милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жол кыймылын жөнгө салбай кеткен милиционерлер кызматтан бошотулду
Күбөлөр күмүш түстөгү Subaru үлгүсүндөгү E 9369 С мамлекеттик номерлүү автоунааны көрүшкөн. Андан болжол менен 25 жаштагы киши ок чыгарып, из жашырып кеткен.

Милиция атышуу боюнча билдирүү Бишкек ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө саат 19.12де келгенин айтат.

Шектүүлөрдүн изине Бишкек ШИИБ менен Чүй ОИИБдин жеке курамы түшкөн.

Саат 19.15те "Перехват" планы жарыяланган. Саат 19.55те Улуттук хирургиялык борборго 30 жаштагы Асылбек Дүйшеев аттуу жаран көкүрөгүнө жана сол колуна ок тийип алып келингени кабарланган. Ал атышуу учурунда жаракат алган.

Subaru үлгүсүндөгү автоунаа Аламүдүн районундагы Чокморов айылынан табылган.

Учурда атышууга тийиштиги бар делген шектүүлөрдү издөө боюнча укук коргоо органдары бардык аракеттерди көрүүдө.

Кайгуул милициясы окуя болгон жерге неге тез келген эмес?

Буга чейин жаңы түзүлгөн Кайгуул милициясы окуя болгон жерге 3-5 мүнөт ичинде жетип барары айтылган.

ШИИБдин маалыматында алдын ала иликтөө учурунда атышуу саат 18.35тер чамасында болгону аныкталган. Күбө 29 мүнөттөн кийин гана окуя тууралуу милицияга кабар берген.

"Эгер күбө 20 мүнөт эрте билдиргенде, патрулдук милиция шектүүлөрдү изи сууй электе кармамак", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Кайгуул милиция 1-апрелден тарта Бишкек шаарында жана Чүй менен Ысык-Көл облусунда иштей баштаган. Өлкөнүн башка аймактарында 1-июндан тарта ишке кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0