Москвада мекендештерди карактап келген КР жарандары колго түштү

Жазылуу
Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышкерлер Кыргызстандын Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунун тургундары экени аныкталды.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Москва шаарында мекендештерин талап-тоноп келген Кыргызстандын эки жараны кармалганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, март айынын башынан баштап Россиянын Москва боюнча ИИБ жана Кыргызстандын ички иштер министрлигинин аталган шаардагы өкүлчүлүгүнүн бөлүмдөрүнө каракчылардан жабыркаган адамдардан арыз түшкөн.

Болжол менен курагы 25 жаштагы эркек менен аял кыргызстандык жарандардын үйүнө барып акысына таң атырып кетүүнү суранып келишкен. "Үй-бүлөгө" боору ооруган мекендештер бир бөлмөсүн ижарага берүүгө макул болушкан. 

Бирок кечке маал же таңында бет кап кийген "жубайлар" бычак менен коркутуп, үй ээлеринин акчасын, баалуу буюм-тайымдарын, зер жасалгаларын алып жолго түшүшкөн. 

Саунада качып кеткен кылмышкер менен чогуу "эс алган" күзөтчүлөр камакка алынды
Мындай жорук бир айда үч жолу кайталанып, жалпы жонунан 143 миң рублдик зыян келтиришкен. 

Ар бир факт боюнча Россиянын Кылмыш жаза кодексинин 162-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, эки өлкөнүн күч органдары тарабынан 25-мартка караган түнү аталган кылмышка шектүү катары Оштун Кара-Кулжа районунун тургуну 23 жаштагы жигит жана Өзгөн районунун жашоочусу 27 жаштагы кыз колго түшүрүлгөн.

Учурда алардын күнөөсү мойнуна коюлуп, камакка алынышты. Тинтүү учурунда алардын жашаган жеринен пневматикалык тапанча, планшет, телефон аппараттары табылган. 

Андан аркы иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын акыркы ай ичинде жасаган ушул сыяктуу кылмыштарынын бети ачылууда. Министрлик алар боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0