Жалал-Абадда уруксатсыз иштеген компания 4,5 млн. сом киреше тапкан

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүНефть өндүрүү. Архив
Нефть өндүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эски скважиналарды капиталдык ремонттон өткөрүп, чийки нефть өндүрүү менен алектенип келген компания Геология агенттигинин уруксатысыз казуу иштерин жүргүзүп келген.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда "Кыргызжернефтегаз" ишканасы уруксат берилбеген убакытта ишмердүүлүк жүргүзүп, 4,5 миллион сомдон ашуун мыйзамсыз кирешеге ээ болгон. Бул тууралуу Финансы полициясы билдирди.

Нефть табылуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финансы полициясы Жалал-Абадда мыйзамсыз нефть казып келген жеке компанияга иш козгоду
Маалыматка ылайык, эски скважиналарды капиталдык ремонттон өткөрүп, чийки нефть өндүрүү менен алектенип келген компания 2013-жылдан бери иштеп келген. 

Бирок аталган мекеме казуу иштерин жүргүзүүгө Геология агенттигинен 2014-жылдын ноябрь айында гана расмий уруксат алган. Буга чейин деле иштеп келген ишкана 4 миллион 576 миң 915 сом өлчөмүндө мыйзамсыз кирешеге ээ болгон. 

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0