Өлкөнүн түштүгүндө жер титиреди

© AFP / LUIS RUEDAСейсмограф. Архив
Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Силкинүүнүн очогу Ош облусунун Нура айылынын жанында жайгашкан.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстандын түштүк аймагында жер титирегенин ӨКМ билдирди.

Силкинүүнүн очогу Нура айылынан түштүк-батышты көздөй 25 чакырым алыстыктагы Алай тоо кыркаларында жайгашкан. Очогунда 3,5-4 балл болуп сезилген жер титирөө саат 09.38де катталган.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыр тарткандар болгон жок.

Эскерте кетсек, 2008-жылы октябрь айында Нура айылында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө болуп, андан 75 адам каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0