Таксист өзүнө кол салган эки кишинин бирөөнү кармап, милицияга тапшырып берди

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүТакси шашкасы. Архив
Такси шашкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арткы орунга отурган киши аны муунтууга даярданып жатканын байкап, максист машинаны жолдун четине дароо токтотуп, каршылык көрсөткөн.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Ысык-Ата районунда таксист өзүнө кол салган жүргүнчүлөргө каршылык көрсөткөнүн Чүй ИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, "Антибиотик" дачасынын 27 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, эки жүргүнчү ага түшүп, жолдон муунтууга аракет кылганын айткан. 

Таксист 2-мартта кечки саат 7.00дөр чамасында Бишкек шаарынын Кустанай жана Дэн-Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинен ага европа улутундагы эки киши келип, Военно-Антоновка айылына жеткирип коюуну суранганын айтып берген. 

Акча жана уюлдук телефон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте таксистти муунтуп, карактап кеткендер колго түштү
Айдоочу макул болуп, бир жүргүнчү машинанын арткы ордуна, экинчиси алдыңкы орунга отурган.

Арткы орунга отурган киши аны муунтууга даярданып жатканын байкап, таксист машинаны жолдун четине дароо токтотуп, каршылык көрсөткөн.

Арткы орунда отурган жүргүнчү убакыттан пайдаланып изин жашырып кеткен. Бирок, таксист жанында отурган кишини кармап, милицияга кабар берген.

Тергөө учурунда кармалган жаран 29 жаштагы Военно-Антоновка айылынын тургуну экени аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси ("Каракчылык") боюнча кылмыш иши козголуп, экинчи шектүү жаранды издөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0