Таласта жер титиреди

Жазылуу
Кечээ болгон силкинүүнүн күчү 3,5 баллга жетти.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Талас облусунда жер титирөө болгонун ӨКМ билдирди.

Очогунда 3,5 баллга жеткен силкинүү кечээ саат 23.29да катталган.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча жер титирөөнүн очогу Талас шаарынан түштүк-батышты көздөй 66 чакырым алыстыктагы Чандалаш тоо кыркаларында жайгашкан.

Калк жашаган жерлерде жер титирөө сезилген жок. Алдын ала маалымат боюнча силкинүүдөн жабыркагандар катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0