БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Балыкчыда башына ок тийген жоокер бүгүн каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Балыкчы шаарындагы 20636 аскер бөлүгүндө 18-февралда эки жоокер ок атуучу куралдан жаракат алып, шаардык ооруканага алып келинген. КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын маалымат кызматы билдиргендей, кырсык куралды кылдат колдонбогондуктан болгон.
"Башына ок жеген 19 жаштагы жоокер реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Анын абалы өтө начар болгондуктан атайын аппараттын жардамы менен дем алып жатты. Тилекке каршы, жоокер өзүнө келе албай бүгүн саат 10:55 чамасында көз жумду", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми ошол эле күнү кабыргасына ок тийип келген 21 жаштагы жоокердин абалы жакшы экени маалыматта белгиленет.