Адам өлтүрүүгө шектелген жаран 3 жылдан кийин Бишкекте кармалды

Жазылуу
2012-жылдын декабрь айында 27 жаштагы жаран мас абалында таанышын бычак менен жүрөккө сайып өлтүргөн деп ИИМ билдирет.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Үч жыл мурун адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Чүйдөгү Беловодск айылында 2012-жылдын декабрь айында 30 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерден кылмышка шектүү адам изин суутуп кеткен деп айтылат маалыматта.

Ыкчам иликтөө тобу шектүү адамдын аты-жөнүн ырастаганы менен дайынын таппай калган.

Атамбаев: кылмыш эч убакта жазасыз калбаш керек
Маалыматка ылайык, Максат аттуу жаран менен маркум Султаналы Жакыпов ичимдик ичип жатып урушуп кетишкен. Жыйынтыгында, Максат курбусунун үйүнө бычак көтөрүп барып, жүрөккө сайганы маалым болгон. 

Аталган факты боюнча 2012-жылы Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча 27 жаштагы Максатка кылмыш иши козголгон. Ал дайынын билдирбей кеткендиктен, Москва райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан издөө жарыяланган. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-февралында кылмышка шектелген жаран кармалып, Москва райондук сотунун чечими менен камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0