Сокулук менен Ошто өрттөн эки киши каза болду

Жазылуу
Эки учурда тең үй өрттөнгөн. Көз жумгандардын бири түтүнгө ууланып өлсө, экинчиси күйүп кеткен.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кечээ Кыргызстан боюнча өрт кырсыгынан эки адамдын каза болгон учуру катталганын ӨКМ билдирди.

Россиянын ӨКМ кызматкерлери өрт өчүрүү маалында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия полициясы Иркутскидеги өрттөн кыргызстандык бөбөктөрдү куткарды
Маалыматка ылайык, Сокулук районунда үйдүн полу, дубалы өрттөнүп, натыйжада үй ээси 64 жаштагы Юрий Ломатин түтүнгө ууланып өлгөн.

Ал эми Ош шаарынын Аджалов көчөсүндөгү турак жайдын өрттөнүүсүнөн үй ээсинин тууганы 53 жаштагы Сардалбек Досматовдун күйүп калган денеси табылган. 

Министрликтин айтымында, учурда эки кырсыктын чоо-жай такталып жатат.

Өткөн ишемби жана жекшемби күндөрү Кыргызстанда боюнча 21 өрт кырсыгы катталганы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0