БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Мектепке бара жаткан 1-класстын окуучусун уурдап өлтүрүп койгон аял аныкталганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында №81 мектептин 1-классында окуган баланын сабакка келбей калганын министрлик киргизген жаңы эреже боюнча ата-энесине класс жетекчиси билдирген.
Иликтөөнүн жүрүшүндө бала мектепке кетип, бирок ал жакка жетпей калганы аныкталган. Бир аз убакыттан кийин баланын энеси 150 миң сом талап кылган смс-билдирүү алган.
Укук коргоочулар аталган үй-бүлөнүн көптөн берки таанышы жолдо кетип бараткан баланы уурдап, ага уктатуучу дары сайып койгон. Андан кийин эс-учун жоготкон баланы киши барбаган ээн жерге таштап кеткен.
Милиция эртеси баланын жансыз денесин тапкан.
Учурда кылмышка шектүү аял кармалды, анын буга чейин бир нече ирет соттолуп чыкканы белгилүү болду. Бул боюнча кылмыш иши козголду.
Как избежать похищения ребенка кырг
Как избежать похищения ребенка кырг