ИИМ: жок кылынган террорчулар милиционерди өлтүргөн жарандар экени аныкталды

© пресс-служба ГКНБ КР"Чыгыш-5" кичи районунда жок кылынган эки террорчунун алдынан табылган тапанча.
Чыгыш-5 кичи районунда жок кылынган эки террорчунун алдынан табылган тапанча. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жайшуль-Махди" агымынын өкүлдөрү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда терактыларды уюштурууну пландап жүргөнү тергөө учурунда аныкталган.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 11-декабрына караган түнү Бишкектин "Чыгыш-5" кичи районунда жок кылынган эки террорчу 8-кичи райондо киши колдуу болгон милиция кызматкери Актилек Авбдувалиевди өлтүргөн жарандар экени аныкталганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрда 26 жаштагы инспектор кылмышкерлердин огунан каза болгон. Кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү такталып, алардын буга чейин соттолуп издөөгө алынганы аныкталган. Кылмыш маалында алардын Бишкектеги ижарага алган батирде жашап келгени белгилүү болгон. 

Бишкекте эки согушкер жок кылынган жерден тартылган видео
Милициянын билдирүүсүндө эки кылмышкер тең "Жайшуль-Махди" агымына кирген. Жок кылынган согушкерлердин "Тоха" каймана аты менен белгилүү Жумагуловдун террордук тобу менен тыгыз байланышта болгону аныкталган. Жумагулов ушул жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында атайын операцияда жок кылынган.

Эки террористи кармоо учурунда УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүмүнүн бир кызматкери жаракат алган. Учурда ал кызматкердин абалы канааттандырарлык жана атайын операция учурунда башка жарандар жабыркаган эмес.

Кылмышкерлердин жанынан Макаров үлгүсүндөгү төрт тапанча, Ф-1 үлгүсүндөгү бир граната, колго жасалган жарылуучу заттар, бир нече уюлдук телефон менен бет каптар табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0