Телтаевдин өлүмү боюнча №1 абактын жетекчисине кылмыш иши козголду

Жазылуу
Телтаев 20-ноябрда асынып калган жеринен табылган. Ал №50 абакта отургандардын качып кеткени боюнча кармалган болчу.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкектеги №1 тергөө абагынын жетекчисинин милдетин аткаруучуга карата №50 абактын мурдагы жетекчиси Иманкул Телтаевдин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.

Кармалган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чуулгандуу №50 абагынын мурунку жетекчиси муунуп өлдү
№50 абактан качып кеткендер боюнча камалган Телтаев 20-ноябрда №1 түрмөдөн асынып калган жеринен табылган

№1 абактын башчысына карата Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратура тактагандай, Биринчи Май райондук сотунун токтомунун негизинде №50 абактын мурдагы жетекчиси №1 түрмөгө камалган. 

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, №1 түрмөнүн жетекчисинин милдетин аткарган киши ички эрежени бузуп, нөөмөттө турган жардамчысы менен дарыгер терапевтке Телтаевди санитардык бөлмөгө киргизүү боюнча оозеки тапшырма берген. Ал жакта ал кайтаруусуз калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0