Кара-Суу районунда жер титирөөдөн жабыркагандарга 50 чатыр жөнөтүлдү

© Sputnik / Расул УсеналиевЧатырлар. Архив
Чатырлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, эки күндүн ичинде Кыргызстандын түштүк аймагында 7 баллдан 4 баллга чейин үч жолу жер титиреген.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылына жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн 50 даана чатыр жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Мындай жардам берүү чечими жер титирөөнүн келтирген зыянын эсептөө, калкка биринчи жардам көрсөтүү боюнча Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун жетекчилиги алдында өткөн жыйында кабыл алынган.

Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: жер титирөөнүн күчү 7 баллга жетип, 4-5 үйдүн дубалдары урады
Министр жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендерди тез аранын ичинде аныктап, аларга керектүү болгон биринчи жардамды берүүнү тапшырып, чатырлар менен камсыз кылуу керектигин айтты.

ӨКМдин кризистик абалды башкаруу борборунун жетекчиси Мухаммед Сваровдун айтымында, Ош облусу боюнча төрт жарым миңден ашык үй текшерилип, анын 379у авариялык абалга келип, 2829 үйдүн дубалдарында жарака пайда болгон. Андан сырткары, элүүдөй социалдык имараттардын дубалдары жарылса, беш социалдык имараттын абалы авариялык деп бааланган.

Белгилей кетсек, эки күндүн ичинде Кыргызстандын түштүк аймагында 7 баллдан 4 баллга чейин үч жолу жер титиреген.

Жаңылыктар түрмөгү
0