БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Борбор калаанын "Достук" кичи районунда түрмөдөн качкан Алтынбек Итибаевди кармоо операциясында жөнөкөй жаран каза болду. Бул туурасында Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигинине ИИМдин өкүлү билдирет.
"Операция учурунда дагы бир адам каза болду. Анын кандай жагдайда өлгөндүгүн азыр эксперттер тактап жатат",— деди ИИМ өкүлү.
Өткөн аптанын башында 50-түрмөдөн тогуз кылмышкер ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бири оор жарадар кылып качып чыгышкан. Ооруканага жеткирилген офицер беш күндөн кийин эсине келбей каза болгон.
Качкан кылмышкерлердин бешөө ошол эле түнү кармалып, төртөө из суутканга үлгүргөн. Атайы операциянын натыйжасында алардын экөө жок кылынды. Бирөөсү Эдил Абдырахманов бүгүн "Ала-Тоо" айылынан кармалган. Ал эми түрмөгө кайтарылган кылмышкерлердин үчөө ооруканадан үч күндүн ичинде каза болушту.