Издөөдөгү Итибаевдин таржымалы, ал соттун чечими менен кантип бошотулган

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Террористтик аракеттери жана депутат Санжар Кадыралиевди өлтүрдү деп соттолгон, азыр издөөдөгү Алтынбек Итибаев 2014-жылы 8-августта Сокулук райондук соту тарабынан 32-турак колониясына которулган. Бир жылдан кийин Бишкекте "Ислам мамлекетинин" согушкерлерин жок кылуу боюнча операциянын жүрүшүндө аны кайра кармашкан.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Азыр издөөдө жүргөн Алтынбек Итибаевди парламенттин депутаты Санжар Кадыралиевди атып өлтүрүүгө жана 2010-жылы 30-ноябрда Бишкектин спорт сарайынын жанында жардырууну уюштурууга катышканы үчүн Свердлов райондук соту өмүрүнүн аягына чейин кескен. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту бул чечимди 21 жыл эркинен ажыратып, катуу тартиптеги колонияда кармоо чечимине алмаштырган. Ал жактан айыпкер турак колонияга которулган деп билдирет ЖАМКнын маалымат кызматы.

© пресс-служба ГСИН КРИтибаев Алтынбек Абдиметалиевич
Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич - Sputnik Кыргызстан
Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич

Маалыматка ылайык, 2013-жылы 22-февралда Бишкектин Свердлов райондук соту Итибаевди айыптуу деп таап, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыраткан жана ал күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө кармалышы керек болчу. 

Кармалган Абдырахмановго милиция меджардам көрсөтүп, замбил менен көтөрүп кетти
Сегиз айдан кийин, 10-октябрда, Бишкек шаардык соту оор кылмыштарды жасаган айыпкердин жазасын жеңилдетип, камакта кармоо мөөнөтүн 21 жылга чейин кыскарткан. Андан тышкары, Итибаев түрмөдө жаткан аз гана убакыттын ичинде үч жолу мунапыска туш болгон деп билдиришти ведомстводон. 

Кылмыш жаза кодексинин 4-беренесине ылайык, оор жана өтө оор кылмыш жасагандарга мунапыс берилбейт.Ошондой эле өмүрүнүн акырына чейин кесилип кеткендердин жана мындай жаза кайра кечирим иретинде канча бир жылга алмаштырылгандардын мөөнөтүн кыскартууга да болбойт. 

Ал эми Итибаев 2014-жылы 28-августта Сокулук райондук сотунун чечими менен турак колонияга биротоло чыгарылган. 

Кылмыш жаза кодексинин 49-беренесинде мындай колонияга байкабастыктан кылмыш ишине барган жана беш жылдан көп эмес мөөнөткө кесилген адамдарды гана чыгарууга болот. 

Сокулук райондук сотунан бул жагдайга комментарий берүүдөн баш тартышты. 

Sputnik маалымат агенттигинин Жогорку сотко кайрылуусунун кийин Сокулук райондук сотуна жогорудагы маалыматтарды берди. 

Жооп иретинде алынган документте Итибаевди турак колонияга которуу өтүнчү менен Сокулук райондук сотуна өкмөттүн алдындагы №19 ЖАМКтын башчысы Аскат Эгембердиев кайрылганы жөнүндө айтылат. 

Поиски беглого заключенного в районе рынка Дордой - Sputnik Кыргызстан
ИИМ Эдил Абдырахмановдун кармалышынын чоо-жайын айтып берди
Ал эми №19 ЖАМКтын 2014-жылы 14-августта берген маалымкатына ылайык, Итибаев жаза мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүн өтөп бүткөн. Ошондой эле аталган мекеме кылмышкерге түрмөдө отурган мезгилде өзүн жакшы жактан көрсөтүп, эч бир эскертүү алган эмес деген мүнөздөмө бергени айтылат. Андан тышкары, ал үй-бүлөсүнүн жалгыз багары жана үч кичине баласы бар экени да белгиленген. 

Дал ушулардын негизинде Сокулук райондук соту №19 ЖАМКтын өтүнүчүн канааттандыра турган токтом чыгарып, камактагы Итибаев калган мөөнөтүн өтөшү үчүн турак колонияга которулган.

Мындан туура бир жыл мурун 2014-жылы 21-октябрда Кылмыш иштери жана административдик укук бузуу иштери боюнча Жогорку соттун Соттук коллегиясы Сокулук райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган деп билдиришти Жогорку соттун маалымат кызматынан. 

Бир жылга жетпей эле, 2015-жылы 16-июлда турак колонияда жүргөн айыпкерди "Альфа" тобунун кызматкерлери Бишкекте "Ислам мамлекетинин" согушкерлерин жок кылуу боюнча операциянын жүрүшүндө кайра кармашкан. 

Укук коргоо органдарынын координациялык жыйынынын эксперттик кеңешинин төрагасы Кайрат Осмоналиевдин пикиринде, сот чечимдери акыйкаттык системасынын коррупцияга малынгандыгын билдирет. 

"Эгер кылмышкер киши өлтүрүү жана террористтик иштери үчүн соттолгон болсо, Кылмыш жаза кодексинин эрежелери боюнча, аны турак колонияга которууга же мунапыска чыгарууга эч мүмкүн эмес. Бул жеңилдиктер оор кылмыш жасагандарга карата колдонулбайт", — деп баса белгиледи ал.

Кылмышкер Алтынбек Итибаев Жаңы-Жер айылынан изделип жатат
Эскерте кетсек, 12-октябрга караган түнү тогуз кылмышкер №50 түрмөдөн качып чыгып, ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп кетишкен. Жарадар болгон дагы бир офицер экинчи операциядан кийин,беш күндөн соң ооруканада алган жаракаттарынан улам каза болду. Качкандардын бешөө ошол эле түнү колго түшүп, төртөө карматпай кеткен. 

Акыркы беш күндө эркиндикте жүргөн төрт кылмышкердин экөө жашырынып жаткан жерлеринен кармоо учурунда укук коргоо кызматкерлерине каршылык көрсөткөнү үчүн жок кылынган. Бүгүн дагы бирөөнү күч кызматкерлери жарадар кылып кармады

Качып кайра кармалган бешөөнүн үчөө түрмөдө көз жумду. Калган экөө азыр камакта. Эркиндикте азыр жалгыз Итибаев калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0