Кыргызстандын мурунку вице-консулу алдамчылыкка шектелип кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчиликтин кызматкери акыркы үлгүдөгү унаа алып берем деген жүйө менен төрт жарандын ири көлөмдөгү акчасын шыпырып алып, алдангандарды баарынан куру-жалак калтырган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Ири көлөмдө алдамчылыкка шектелип Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин мурунку вице-консулу кармалганын ИИМ билдирди.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматынын башкы инспектору 600 доллар пара алып кармалды
Маалыматка ылайык, элчиликтин аталган кызматыкери Кыргызстан менен Россиянын төрт жаранын алдап, жалпы жонунан алардын 26 миң доллар жана 1 миллион 300 миң рубль акчасын алган боюнча из жашырып кеткен.

Текшерүү маалында мурунку вице-консул жарандардан 2014-жылы чыккан "Лексус RX", "Тойота" унааларын алып берем деген шылтоо менен алганы анык болду. 

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иш-чараларынын натыйжасында мурунку вице-консул колго түшүрүлгөн. 

Учурда ал камакка алынып, тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0