№50 түрмөдөгү качуу планы кантип уюштурулган? Хронология.

Жазылуу
Sputnik кабарчысы Мамлекеттик жаза аткаруу кызматындагы булактарга таянып, 12-октябрдын түнүндө тогуз кылмышкердин №50 түрмөдөн кантип качып чыкканын убакыты боюнча ирети менен карап чыкты.

Дүйшөмбүнүн түнүндө №50 түрмөдөн тогуз кылмышкер качкан. Алар жөн качпай, абакта иштеген ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирөөнү оор жарадар кылышкан. Мекеменин кызматкери анын автоунаасын мине качышкандыгын кабарлагандан кийин кылмышкерлердин бешөөнү Жол кайгуул кызматкерлери Бишкек шаарына жакын жердеги айланма жолдон кармады. 

© Sputnik / Эркин Алымбеков№50 түрмөнүн администрациясынын имараты (2008)
1/8
№50 түрмөнүн администрациясынын имараты (2008)
© Sputnik / Эркин АлымбековЭркинен ажыратылгандар кармала турган имарат (2008)
2/8
Эркинен ажыратылгандар кармала турган имарат (2008)
© Sputnik / Эркин АлымбековЭркинен ажыратылгандар отурган имараттын коридору (2008)
3/8
Эркинен ажыратылгандар отурган имараттын коридору (2008)
© Sputnik / Эркин Алымбеков№50 түрмөдөгү камералардын бири (2008)
4/8
№50 түрмөдөгү камералардын бири (2008)
© Sputnik / Эркин Алымбеков№50 түрмөнүн администрациясынын имараты (2008)
5/8
№50 түрмөнүн администрациясынын имараты (2008)
© Sputnik / Эркин АлымбековЭркинен ажыратылгандар кармала турган имарат (2008)
6/8
Эркинен ажыратылгандар кармала турган имарат (2008)
© Sputnik / Эркин АлымбековЭркинен ажыратылгандар отурган имараттын коридору (2008)
7/8
Эркинен ажыратылгандар отурган имараттын коридору (2008)
© Sputnik / Эркин Алымбеков№50 түрмөдөгү камералардын бири (2008)
8/8
№50 түрмөдөгү камералардын бири (2008)
1/8
№50 түрмөнүн администрациясынын имараты (2008)
2/8
Эркинен ажыратылгандар кармала турган имарат (2008)
3/8
Эркинен ажыратылгандар отурган имараттын коридору (2008)
4/8
№50 түрмөдөгү камералардын бири (2008)
5/8
№50 түрмөнүн администрациясынын имараты (2008)
6/8
Эркинен ажыратылгандар кармала турган имарат (2008)
7/8
Эркинен ажыратылгандар отурган имараттын коридору (2008)
8/8
№50 түрмөдөгү камералардын бири (2008)

ЖАМКтагы булак "50-түрмөнүн чет жакасында эч бир курал, ал тургай, дубинка алып жүрүүгө тыюу салынганын" айтты. Ал эми автомат күзөт мунарасында турган аскерлерге гана берилет.

23.35 — Камактагы үч киши отурган камеранын эшигин түрмөнүн кызматкери ачкан (себеби, алардын бири ичим ооруп жатат деп чабалактап кыйналган түр көрсөткөн). 

23:36 — Ал үчөө каалга ачылары менен аны ачкан майор Таалайбек Өмүрзаковго кол салып, шейшеп менен байлап алып, сабаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, дал ушул кызматкерде калган камералар менен автоунаанын ачкычы бар болчу. Андан соң кылмышкерлер майорду муунтуп өлтүрүшкөн. 

Автомат кармаган милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түрмөдөн качкан кылмышкерлер Чүйдө, Бишкекте жана Казакстандын Жамбылында изделүүдө
23.45 — ЖАМКтын экинчи кызматкери камерада жаман окуя болуп жатканынан шек санап басып келгенде, беркилер аны да муунтуп салышат. 

23.51 — Түрмөдөгүлөр үчүнчү кызматкерди акмалап туруп, келгенден кийин аны да күмжам кылган. 

23.55 — Колуна башка камералардын ачкычтары тийгенден кийин үч канкор, аларга "тиешелүү" эшиктерди ачып,  камералардын биринен керектүү эки кишини алып чыгышкан. Экинчи бөлмөдөгү алты кишинин экөө беркилер менен кошо кеткен эмес, анысын "бул ишке катышкысы келбегендиги" менен түшүндүрүшкөн. Ошентип, эркиндикке баш-аягы болуп тогуз киши качып чыккан.

23.57 — Кылмышкерлер коридорду кесип өтүп, рубильникке жетишет да, түрмө боюнча жарыкты өчүрүшөт. 

00.00 — Кылмышкерлер түрмөнүн короосуна чейин барып, караңгыдан пайдаланып, 100 метр аралыкта жайгашкан мекеменин администрациясына жетет. 

00.02 — Качкандар администрациянын имаратынан ЖАМКтын төртүнчү кызматкерине туш келишет. Алар буйдалбастан туруп, башы менен дубал сүздүрүп, мойнун сындырат. 

00.12 — Зектер бухгалтериянын кабинетинин терезесиндеги темир торду сындырып, түрмөдүн сыртка чыгып, күзөт мунарасындагы автоматчан аскерлердин көзүнө чалдыгат. Күзөттөгүлөрдүн огунан качкандардын бири жарадар болот. 

ЖАМК өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер эркиндикке кантип чыкканын айтып берди
00.13 — Тогуз качкын бир жарадары менен автоунаага түшүп, качып жөнөйт.

00.14 — №50 түрмөдө чуу көтөрүлөт. 

00.30 — "Перехват" планы жарыяланат.

Түнкү саат 00:20 — 00:35 аралыгы: Качкандардын экөө автоунаадан түшүп калып, тааныштары жашаган Ленин айылындагы үйлөрдүн бирин көздөй жөнөйт. Ал жерден курсагын тойгузуп алып, андан ары кетишет. 

00.40 — Ленин районунда Чүй облусунун Жол кайгуул кызматынын экинчи взводунун инспекторлору "Тойота-Эстима" үлгүсүндөгү автоунааны байкап калып, артынан түшөт. Токтотууга берилген белги менен асманга атылган окко карабай, ылдымдык менен качып жөнөшөт. 

00.50 — Сая түшкөн куугундан кийин, Чүй милициясынын Жол кайгуул кызматы менен Жол көзөмөл кызматынын кызматкерлеринен турган ыкчам топ №50 түрмөдөн качкан 5 кылмышкерди кармайт. Алардын экөө автоунаадан түшө качканга үлгүрөт. Мындан мурун Ленинское айылындагы экөөнү кошкондо, жалпысы болуп, эркиндикте төрт кылмышкер калат.

№ 50 түрмөдөн 9 адам кантип качып чыкканы тууралуу версиялар
№ 50 түрмөдөн 9 адам кантип качып чыкканы тууралуу версиялар - Sputnik Кыргызстан
№ 50 түрмөдөн 9 адам кантип качып чыкканы тууралуу версиялар

Жаңылыктар түрмөгү
0