Түрмөдөн качкан кылмышкерлер Чүйдө, Бишкекте жана Казакстандын Жамбылында изделүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтомат кармаган милиция кызматкери. Архив
Автомат кармаган милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оор кылмыштары үчүн камакка алынган жарандар дүйшөмбүгө караган түнү Чүй облусунда жайгашкан абактан качып чыгышкан. Түрмөдөн чыгып жатып үч кызматкерди өлтүрүшкөн.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан 50-түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлер Чүй облусу жана Бишкек боюнча изделип жатканын Sputnik агенттигине ИИМ билдирди.

Мыйзам бузуучуларды кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция кылмышкерлерди түнкү бир жарымда кантип кармалгандыгын айтып берди
Дүйшөмбүгө караган түнү аталган түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМКтын үч кызматкерлери өлтүрүлгөн. Бир нече убакыттан кийин качкындарды бешөө кармалып, төртөөнө издөө жарыяланды. Изделип жаткан качкындын экөө өмүр бою эркинен ажыратылса, дагы экөө тергөө учурунда камакка алынган. Аталган жарандардын бардыгы тең диний экстремизм жана терроризм үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

ИИМ милициянын курамы жалпы республика боюнча күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын белгилейт. Качкындар эки күндөн бери изделүүдө.

Ал арада Казакстандын Жамбыл облусунун милициясы түрмөдөн качкан кылмышкерлерден улам колго түшүрүү планын жарыялаганын коңшу мамлекеттин маалымат каражаттары билдирди.

"Окуяга байланыштуу Жамбыл облусунун ички иштер органдарынын жеке курамынын иши качкындардын өлкө аймагына кирүүсүнө жол бербөөгө багытталды", — деп айтылат маалыматта.

Эки мамлекеттин укук коргоо органдары жарандарды сак болуп, издөөгө алынган жарандар тууралуу маалымат болсо "102" номери аркылуу байланышууну эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0