00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Швейный хаб или «цех на выживание»? Как Бишкек становится столицей евразийского аутсорсинга
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Инспекторго каршылык көрсөтүп, денесине залал келтирген 17 жаштагы айдоочу кармалды

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инспектор өзүн көздөй катуу келе жаткан автоунаанын капотуна секирип чыгууга мажбур болгон. Айдоочу машинаны токтотпостон, 260 метр аралыкка кыйма-чийме айдап, инспекторду түшүрүп салууга аракеттенген. Унааны кескин буруп жибергенде гана милиция кызматкери капоттон учуп түшкөн.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында Жол кайгуул кызматынын инспектору кезмет учурунда унаа айдоочусунун мыйзамсыз аракетинен жабыркап, ооруканага жаткырылганын ИИМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, 28-сентябрь күнү болжол менен 13.40та Жалал-Абад шаарында жол коопсуздугун көзөмөлдөп турган инспекторлор "Тагай бий" ресторанынын жанынан бардык айнеги караңгылатылган "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунан тийиштүү документтерди сурашкан. 

Жол кайгуул кызматкери постто. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жол кайгуул кызматы: бир күзөт машинасына 15-20 инспектор туура келет
Мыйзамдуу талапка жооп бербестен, айдоочу каршылык көрсөтүп, алгач бардык эшигин бекитип алган да, жүрүп кетүүгө аракеттенген. Инспектор өзүн көздөй катуу келе жаткан автоунаанын капотуна секирип чыгууга мажбур болгон. Айдоочу машинаны токтотпостон, 260 метр аралыкка кыйма-чийме айдап, инспекторду түшүрүп салууга аракеттенген. Унааны кескин буруп жибергенде гана милиция кызматкери капоттон учуп түшкөн. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.

Жабыркаган милиция кызматкери башынан жаракат алып, облустук оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Ошол эле күнү инспекторго каршылык көрсөткөн 17 жаштагы айдоочу кармалды. Сурак учурунда унаа анын энесине тиешелүү экени аныкталган. Машина учурда унаа токтотуучу жайга киргизилди.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, аталган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0