Жол кайгуул кызматы: бир күзөт машинасына 15-20 инспектор туура келет

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкери постто. Архив
Жол кайгуул кызматкери постто. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин инспекторлордун жеке унааларын кызматка пайдалануу үчүн кайра жабдуу тууралуу ИИМдин буйругу чыккан.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бир күзөт машинасына 15-20 инспектор туура келгенин Жол кайгуул кызматы билдирди.

Дьяченко жол инспекторлорунун жеке унаасын кызматтык унаага айлантуу жолдорун түшүндүрдү
Буга чейин мекеме кызмат унааларынын жетишсиздигинен кызматкерлер жол кырсыктары болгон жерлерге өз дубагында жете албай жана жол коопсуздугун жетиштүү деңгээлде камсыздай албай жатканын билдирген. Мындан улам жеке автолорду пайдалануу сунушталып, буйрук чыккан.

Ага ылайык, кызматкер өз каалоосу менен эки тараптуу келишим түзүп, жеке унаасын кызмат максатында гана колдонуп, башка бирөөлөргө берүүсүнө тыюу салуу каралган. 

Машинага атайын жарык жана үн белгилер, байланыш телефону  орнотулуп, "Жол кайгуул кызматы" деген жазуу жазылат. Мындан тышкары, унаага тийиштүү документтерди толтуруу менен "MVD" сериясынан мамлекеттик номерлер бекитилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0