Жогорку Кеңеш кызды куткарып, өзү чөгүп кеткен Исмаевдин бүлөсүнө 100 миң сом берди

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин эрдик көрсөтүп каза болгон Памир Исмаевдин тууганы парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбековго маркумдун үч-бүлөсүнө жардам берүү өтүнүчү менен кат жазган.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстандын парламенти кызды куткарып, өзү сууга чөгүп кеткен Памир Исмаевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөткөнүн маркумдун тууганы Абдыкалык Матеипов билдирди.

Исмаевдин бүлөсүндөгү эрдиктен кийинки жашоо, өкмөттүн көз жаздымында калган бөбөктөр
Кырсык 17-август күнү Григорьевка айылында болгон. 29 жаштагы Исмаев мүмкүнчүлүгү чектелген кызды суудан куткарып, өзү чыга албай калган. Анын артында төрт баласы менен кош бойлуу жары калды.

"Буга чейин мен ЖК төрагасы Асылбек Жээнбековго маркумдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылгам. Каражат төраганын жеке фондунан бөлүндү. Исмаевдин апасына 100 миң сом берилди", — деди Матеипов.

Жээнбековдун жардамчысы бул маалыматты тастыктады.

Буга чейин премьер-министр Темир Сариев ӨКМге муркумдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү тапшырмасын берген. Аталган министрликтин маалымат кызматы "учурда бул маселе чечилип жатканын" билдирди.

Исмаев азырынча эч бир наамга көрсөтүлө элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0