Чек ара тартибин бузган чехиялыктар кармалды

Жазылуу
Чек ара аймагында жүрүүгө уруксат берчү документтин жоктугунан, аталган жарандар административдик жоопкерчиликке тартылды

БИШКЕК, 3-авг — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районундагы Озерная аймагында чек ара тартибин бузган Чехиянын эки жараны менен бирге беш кыргызстандык жаран кармалганын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 2-августунда болгон. 

Чек ара аймагында жүрүүгө уруксат берчү документтин жоктугунан, аталган жарандар Администрациялык кодекстин 389-беренесинин негизинде жоопко тартылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0