Ала-Букадагы жол кырсыгына кабылган окуучулардын бири ооруканада көз жумду

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ала-Букада авто кырсыкка кабылган бүтүрүүчүлөрдүн бири алган жаратынан улам көз жумду.

БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. Ала-Бука райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан эки окуучунун бири түндө каза болуп калды. Бул туурасында райондук аймактык оорукананын башкы медайымы Гүлбайра Рыскулова Sputnik маалымат сайтына билдирди. 

"Түндө жандандыруу бөлүмүндө жаткан Атамырза уулу Өмүрбек аттуу 1997-жылы туулган бала каза болду", — деп билдирди Рыскулова.

Ала-Бука районунун аймагында 22-сентябрда автокырсыкка кабылган беш окуучу айдоочу менен бирге кечки саат жети жарымдарда райондук аймактык ооруканага түшкөн. 

Оорукананын башкы врачы алардын ичинен абалы катуу эки окуучу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгын кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0