00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Село Оттук и «Монументы Победы»: как восстанавливают памятники ВОВ в Кыргызстане
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ажылыктын талаптары кандай өзгөрдү — ажылыкка 6060 кыргызстандык барат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы жана "Өчпөс полк" жүрүшү
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Керималиев: эшектин эти боюнча митингди уруксат бербесе да өткөрөбүз

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСельский быт в Кыргызстане
Сельский быт в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сокулук районунун акимчилигинен жарандык активисттер митинг өткөрүү боюнча жергиликтүү бийликке расмий түрдө кайрылбагандыгын айтышты. Ал эми экинчи тарап уруксат болбосо да аны өткөрүүнү чечишкендигин билдирди.
Митингдин уюштуруучусу Таалайбек Керималиев эшек окуясы жөнүндө

Бишкек, 27-фев. — Sputnik. Бүгүн Сокулук районунун Ак-Жол айылындагы эшек союлган жайдын жанында жарандык активисттер жума намаздан кийин митинг уюштурмакчы. 

Эшектин этин экспорттоо боюнча ветеринардык кызмат уруксат берген эмес
Алардын эшек эттерин өндүргөндөр айткан муздаткычта турган этти көрсөтүүнү жана аларды өрттөөнү талап кылышаарын билдиришти. 

Ал арада райондук бийлик өкүлдөрү түшкө жакын Сокулук районун Ак-Жол айылында тиешелүү органдардын катышуусунда жыйын өткөрүп, иштин чоо-жайын талкуулаарын айтты. Митинг уюштуруучулар жергиликтүү бийликке аталган иш-чараны өткөрүү боюнча расмий кайрылган эмес. Бул туурасында Sputnik сайтына Сокулук районун акиминин орун басары Алмазбек Таштемиров билдирди. 

"Эмненин негизинде митинг өткөргөнү жатышат, бул туурасында бизге эч кандай маалымат келип түшкөн жок. Бир аздан кийин Ак-Жол айыл өкмөтүндө бардык кызматтар — РИИБ, Финпол, прокуратура, Санэпидкөзөмөл, Экотехинспекция кызматтарынын катышы менен толугу менен жыйын өткөрөм. Кандай иш кылынды, иш козголду, козголбодубу, кандай деңгээлде текшерилип жатат деген бир нече суроолордун тегерегинде кеп болот", — деди Таштемиров.

Ал эми митингдин уюштуруучусу Таалайбек Керималиев митингди өткөрүүгө уруксат сураган кагазды Сокулук районунун акимчилигине таштагандыгын, ал эми Манас айыл өкмөтүнө кайрылганда жергиликтүү бийлик буга уруксат бербегендигин билдирди.

"Митинг өткөрүү боюнча айыл өкмөтүнө кайрылсам, макул эместигин билдирди. 3 күн мурда алдын ала маалымдаш керектигин айтышты. Мен аларды бизди колдойт деп ойлогом… Ал эми жума назамдан кийин өтө тургандыгынын себеби, эл түштөн кийин колу бошоп калат, көбүрөөк болот деген эле ой", — деди Керималиев.

Аким эшектердин эти өндүрүлүп жаткан аймак боюнча маалыматы буга чейин болбогондугун, эгерде мурда кабардар болушса, аны жаптырганга аракет кылмактыгын айтты. 

"Эгерде биздин кабарыбыз болсо, мурда эле барып жапмакпыз. Айланасы алты чакырымдай узундукта курчалган, бийиктиги 3 метрдей дубал менен тосулган, жеке аймакта жайгашкан экен. Ал жерде болжол менен 150дөй, ар кандай ишмердик менен алектенген ишканалар бар деген маалыматты айтышты. Алар бука баккандар, тоок фермалары, козу карын ж.б өстүргөндөр экен. Жашыруу иштеп келишкен деп айтып жатышат. Биздин кызматтар эки күндөн бери ошол жакта жүрүшөт. Ишти прокуратурабы, финполбу же РИИБ козгодубу маалымат алабыз", — деп билдирди Таштемиров.

Союлган эшектердин ветеринардык справкасы болгон
Сокулук районунун Манас айылынын аймагынан мурда чочко багылган сарайда эшекти союп саткандар аныкталган. Коомчулукта союлган эшектердин эттери шаардагы тез-татым жайларына жана кытай ашканаларына уйдун жана койдун эти деп жеткирилип турган деген маалымат да тарап кеткен. 

Бул окуя 9-февралда эле катталып, Сокулук райондук милициясы тарабынан кылмыш иши козголгон. Бирок, бул иш Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилген.

Манас айыл өкмөтүнө караштуу Акжол айылындагы эшек союлган жай "Кайтал" акционердик коомуна тийиштүү. Коомдун башчысы Алмаз Такырбашев эшек союп сатуу бизнеси мыйзамдын негизинде гана болгонун айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0